Ѳзгөчө тумшуктуу ѳрдѳк

Ѳзгөчө тумшуктуу ѳрдѳк



Тумшуктуу өрдѳктүн жарык дүйнөгө келиши кандай

Август менен октябрь айларынын аралыгында ургаачы тумшуктуу ѳрдѳк чоңдугу 2,5 см болгон 1-3 жумуртка тууйт. Жумурткалардын кабыгы жумшак жана жабышкак болгондуктан энесинин курсагындагы жүндѳргѳ жабышып калат. Мындан сырткары энеси жалпак куйруктары менен акырын кармап жүрѳт.

Балдары 7-14 күндѳ балдары жумуртканы «атайын жумуртка тиштери» менен чагып чыгышат.

Алсыз

Чоңдугу 1,5 см келген жылаңач жана сокур кичинекей тумшуктуу ѳрдѳктөр энесинин курсагындагы жүндѳргѳ тумшугу менен жармашып жүрүшѳт. Энесинин терисиндеги майда тешиктерден чыгып, жүндѳрү менен сызылып аккан сүттү балдары жалап ичишет.

4 ай ѳткѳндѳ балдары дээрлик энеси менен тең болуп чоңоюушуп, 6 ай болгондо ѳз алдынча жашаганга жарап калышат.


Андан аары