Ит сенин жаныңа келгенде, сени жыттап баштайт. Эмне үчүн? Биринчиден, кийинки жолу сени жытыңдан тааныш үчүн! Ар бир адамдын өзүнчө жыты бар. Ал эми иттер ар бир адамды жакшылап билиш үчүн, жакшылап жыттап чыгат. Жыт аркылуу сенин эмне сезип жатканыңды -коркунуч, кайгырып же ачууланып жатканыңды аныктап коё алат!