3 Ысрайыл (Жакып) Жусупту башка уулдарынан өзгөчө жакшы көрчү, анткени ал анын карыганда көргөн уулу эле. Ошон үчүн ага кооз кийим тиктирип берди.
4 Бир туугандары атасынын өздөрүнө караганда Жусупту көбүрөөк жакшы көрөрүн көрүшүп, Жусупту жек көрүп калышты. Аны менен бир тууганча сүйлөшө албай калышты.