2 Ошондо ага күйүп жаткан тикенектүү бадалдын арасынан, оттун жалынынан Теңирдин периштеси көрүндү. Муса тикенектүү бадалдын жалындап күйүп жатканын, бирок күйүп кетпегенин көрдү.
3 «Эмне үчүн бадал күйүп кетпейт? Барып, бул укмуштуу кубулушту көрүп келейинчи», – деди ал.
4 Теңир анын көргөнү келе жатканын көрүп,
бадал ичинен аны: «Муса! Муса!» – деп чакырды.
Ал: «Мына мен!» – деп жооп берди.